Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районундагы борбордук базарда таштандыларды убагында тазалабаганы үчүн Базар-Коргон айыл өкмөтүнүн Тазалык департаментине 50 миң сом айып салынды. Бул тууралуу SUPER.KG`ге райондун базарлар боюнча куратору Туратбек Ташиев билдирди.
"Ушул жылы март айында базардын жетекчилиги менен Базар-Коргон айыл өкмөтү таштандыларды тазалап туруу боюнча келишим түзүшкөн экен. Келишимде айыл өкмөттүн Тазалык департаменти базардагы таштандыны жумасына эки жолу тазалап туруусу каралган. Биз силер билдирген маалымат боюнча борбордук базарды экотехинспекция, оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору менен чогуу текшерүүгө алдык. Жыйынтыгында талапка жооп бербеген учурлар кездешип, 50 миң сом айып салынды", - дейт Туратбек Ташиев.
Эскерте кетсек, буга чейин окурман Базар-Коргондогу борбордук базарда таштандылар тазаланбай жыттанып жатканын кабарлаган.