Евробиримдиктин тышкы саясий кызматы Орусиянын шаарларында коррупцияга каршы митингдерде кармалган жарандарды токтоосуз бошотууга чакырды. Бул туурасында биримдик жарыялаган кабарда айтылат.
"12-июнда орус бийлиги тарабынан Москва, Санкт-Петербург жана башка шаарларда жүздөгөн демонстранттар камакка алынды. Евробиримдик Орусия бийлигине эл аралык милдеттемелерди жана кармалгандардын укуктарын коргоо боюнча кезектеги чакыруусун жасады".
Ошондой эле АКШ Ак Үйүнүн маалымат катчысы Шон Спайсер да Орусия Федерациясына кармалгандарды тез арада бошотууга чакырганын CNN билдирди.
“АКШ Орусияда тынчтык митингине чыгышып камалган жүздөгөн адамдардын тагдырын чечкиндүү талкуулоодо. Орусия бийлиги мындай аракеттери менен демократиянын баалуулуктарына шек келтирүүдө”, - деди Спайсер.
Москвада полиция 12-июндагы паракорчулукка каршы митингдерден 866 митингчини кармап кеткен. Алардын отуздайы полициянын убактылуу кармоочу жайына түнү бою калтырылган. Ал эми Санкт-Петербургда 400 адам кармалып, баары таң аткыча полицияда болушкандыгы кабарда айтылат.
Ал эми жүрүштүн уюштуруучусу, оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный Москвадан демонстрация башталганга чейин эле кармалып, 30 күнгө эркинен ажыратылган. Аны Москва райондук соту уруксат берилбеген коомдук жыйындарга каршы мыйзамды кайра-кайра бузганы үчүн күнөөлүү деп тапкан.
Эскерте кетсек, кечээ, 12-июнда Орусиянын ири шаарларында коррупцияга каршы экендигин билдирген миңдеген жарандар митингге чыгышкан. Аларды полиция уруксаты жок чыккан деген негизде таркатып, айрымдарын кармап кеткен болчу.