"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "Чүйдүн Покровка айылында таштандылар 1 айда бир жолу тазаланат деген маалымат жалган" дейт жергиликтүү бийлик

Чүй облусуна караштуу Чүй районунун Покровка айылындагы Школьный көчөсүндө таштандылар 1 айда бир жолу тазаланат деген жалган маалымат. Бул тууралуу SUPER.KG`ге Чүй райондук акимчилигинин аппарат башчысы Азамат Кожомамбетов билдирди.

"Бизде таштандылар бир жумада эки жолу ташылып чыгарылат. Жакында эле таштанды ташыган эки унаа алганбыз, алар тынбай иш жүргүзүүдө. Керек учурда унаа жетишпесе, менчик унааларды жалдап чыгарган убактар да болгон. Ал эми өлгөн малдын таштандыда жатканы боюнча айтсак, ал жерге тургундар ар нерсени таштай беришет экен, биз аларды көзөмөлдөй албайбыз", - дейт Азамат Кожомамбетов.

Чүй айыл өкмөтүнүн жетекчиси Жантай Шакеевге байланышканыбызда малдын жыттанып жаткан өлүгү боюнча текшерилип, чаралар көрүлөрүн билдирди.

"Бизде таштандылар 1 жумада 1 жолу тазаланып турат. 1 айда 1 жолу деп туура эмес маалымат берилиптир. Жыттанып жаткан малдын өлүгү тууралуу жооптуу адамдарга тапшырма берем. Текшерип керектүү чараларды көрүшөт", - дейт Жантай Шакеев.

Эскерте кетсек, буга чейин окурман Чүй районундагы Школьный көчөсүндө таштандылар 1 айда 1 эле жолу тазаланып, 4 күндөн бери малдын өлүгү жыттанып жатканын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан