Президенттин аброюна шек келтирди деп айыпталган Чолпон Жакупова менен "Заноза" сайтынын соту болбой калды

Бүгүнкү 13-июнга белгиленген “Адилет” укуктук клиникасынын башчысы, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Чолпон Жакупова жана "Занозанын" үстүнөн жазылган Башкы прокуратуранын доо арызы боюнча соттук отурум болбой калды.

Бул кабарды SUPER.KG порталына Чолпон Жакупова маалымдады.

Биз Жогорку сотко Октябрь райондук соту кабыл алган ишке тиешеси барларды өлкөдөн чыкпоо чечимин аныктап берүү үчүн көзөмөл даттануу жазганбыз. Ошого байланыштуу бүгүнкүгө белгиленген соттук жыйын болгон жок. Кийинки отурум качан болору Жогорку соттун чечимине жараша болот”, - деди Жакупова.

Эске салсак, Башкы прокуратура Жакупованын сөз эркиндиги боюнча жыйында сүйлөгөн сөзү үчүн жана "Заноза" сайтында жазылган материал боюнча президенттин кадыр-баркына шек келтирди деп сотко кайрылган. Кийин Октябрь райондук соту Чолпон Жакупованын мүлктөрүн камакка алуу чечимин чыгаруу менен бирге Жакупова, Дина Маслова жана Нарын Айыпка өлкөдөн сыртка чыгууга тыюу салган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
tynkatar03
2017-06-13 18:04:00
Ушул эжедей эркек депутаттардан 20сы эле жетет болчу ЖКга Айткан созуно турган чынчыл инсан экен.Унутпаш керек жакшы улгулуу кадамдарын.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан