Орусиянын Сочи шаарында өткөн "Улуу Орусия" фестиваль-сынагында Бишкек шаарындагы №13- гимназия мектебинин "Санат" жаш комузчулар ансамбли баш байгени утуп алды.
Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
“Сынакта комуз чертип ырдоо номинациясында ансамблдин мүчөсү Бурханбай кызы Аделя биринчи орунга татыды. "Санаттын" көркөм жетекчиси Табани Кожоярова жогорку деңгээлдеги педагогикалык чеберчилиги үчүн диплом менен сыйланды. Комузда чеберчилик менен ойноо техникасына берилген баа боюнча ансамбль биринчи орунду камсыздады”, - деп айтылат маалыматта.
Эл аралык сынактын жыйынтыгы менен жаш комузчулардын аталган чакан тобу эми Санкт-Петербург шаарында өтө турган "Жылдыздардын жаркырашы" 13-сынак-фестивалына чакыруу алды.