Москвада ок тийип дарылоого жаткырылган кош бойлуу келин ооруканадан качып кетти

Москвада ок тийип жабыркаган кош бойлуу келин ооруканадан качып кетти. Бул тууралуу Орусиянын маалымат каражаттары укук коргоочулардын билдирүүсүнө таянып жазышууда.

Анда белгиленгендей, кечээ, 12-июнда полициянын нөөмөт бөлүмүнө Москва шаардык клиникалык ооруканасынан чакыруу түшкөн. Полицияга ооруканада жаткан 28 жаштагы кош бойлуу аял качып кеткенин кабарлашкан.

Дарыгерлердин айтымында, ооруканага травматикалык тапанчанын огунан сол буту менен курсагынан жабыркаган аялды ага бейтааныш адамдар алып келишкен. Келин кош бойлуулуктун 13-аптасында экендигин, ал келгенде эле дарылануудан баш тартарын айтканын кошумчалашкан ак халатчандар.

"Кош бойлуу келинди "Белорусская" метросунун станциясына кире бериштеги бекетте атышкандыгын дарыгерлер айтып беришкен", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
salman-dastan
2017-06-13 19:02:33
Кош бойлуу келин кыргыз экенби ошондо?
-3
Seryi-Kardinal
2017-06-13 19:04:17
Жакын таанышы атса керек да. Мыкты өнөктөш болсо керек, анан мен аркылуу таап алып аны камап койбосун десе керек. Мен не кылам ансыз деп
+3
Melis2014
2017-06-13 19:20:38
Супер инфо так малымат жазсанар улуту ким
+8
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан