ӨКМ: Чүй жана Бишкек шаарынын аймагында күтүлгөн катуу шамал болгон жок

Бүгүн, 13-июнда Кыргызгидрометтен билдиришкендей, кечки саат 19:00-19:30дар чамасында Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагында секундасына 15-20 метр ылдамдыктагы катуу шамал жүрүп, жамгыр жаашы күтүлөрүн билдирген.

Бул боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы шаар жашоочуларын кооптонбоого чакырып, катуу шамал жүрө турган учур өтүп кеткендигин билдирди.

Бишкек шаарында учурда абанын температурасы +26 °C

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2 метрге чейин жетүүдө.

Бофорттун шкаласы боюнча секундасына 17-20 метр ылдамдыкка чейин жеткен шамал жеңил конструкцияларды учуруп, бак-шактын сынып кулашына алып келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Gulim_zamujem
2017-06-13 20:13:57
Болуп эле атат шамал.
-1
karashire
2017-06-13 20:14:31
Сокулукта болуп жатат
0
clay
2017-06-13 20:22:57
Болбой эле койсун!
0
zhyldyzbek88
2017-06-13 20:23:18
Ооба шамал болуп жатат. Саатын болжолдуу 19:00 дон 19:30 деп айтышкан.
0
narime
2017-06-13 21:23:52
Шамал аябай эле катуу болуп жатат.
Кичине кызымды темтендете койдуго, байкушум коздору аландап калды.Свет болсо очту.
Боодо кырсыктан, апааттардан сактасын жараткан Алла.
0
Firdaus-Muslim
2017-06-13 22:32:02
Кудай сактасын жаратылыш кырсыктарынан. Негедир быйыл жаратылыш кырсыктары көп болуп жатат. Аллах өзүң сакта.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан