Бишкек мэри Иса Өмүркулов ТИКАнын Кыргызстандагы өкүлү менен жолугушуп, жакын арада нан заводун курууну сүйлөштү

15-майда Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов ТИКАнын (Түркиялык кызматташуу жана өнүктүрүү башкармалыгы) Кыргызстандагы координатору Хакан Эргюн менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө Бишкекке нан заводунун курулушу, “Тазалык” ишканасына техникаларды, медициналык жабдууларды бөлүү жана Бишкектеги Анкара көчөсүн (мурдагы Горький көчөсү) оңдоо сыяктуу биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууга алынды. Анда нан заводунун курулушун жакын арада баштоо белгиленди. Жумушчуларды окутуу, заводду жабдуулар менен камсыздоо гранттык каражаттардын негизинде жүргүзүлмөкчү. Мындан сырткары, аялдардын көкүрөк безиндеги рак оорусун аныктоочу медициналык жабдууларды бөлүштүрүү маселеси каралып, тендерди Түркия тарап өткөрүүнү моюнга алды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан