Милиция: "Сузакта өз жанын кыйган адам уй байлаган жипке асынган. Ал 18ге толуп өспүрүм курактан өткөн"

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда асынып алган делген өспүрүм 18 жашка толгон, окуучу эмес экендиги аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 13-июнда SUPER.KG порталына Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Эске салсак, буга чейин Жоош айыл аймагынын башчысы асынып каза болгон окуучу 9-класстын окуучусу деп билдирген.

"Сузак районунун Кара-Чолок айылында жайлоодо өз жанын кыйып асынган жаран 18 жашка толгондугу аныкталды. Ал 1999-жылы туулган Ж.Ч. аттуу жергиликтүү тургун болгон. Эч ким менен урушпай эле кыргыз үйдүн жанындагы алма багына уй байлаган жипке асынып алыптыр", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, өз жанын кыйган адамдын жакындары арыз жазуудан жана соттук медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тартышкан. Учурда укук коргоо кызматы тарабынан окуяны териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Dilbaranurdinova
2017-06-13 22:55:05
Биздин айылга жакынго ким экен тоа
-1
Aijana121197
2017-06-13 23:03:55
.. Жаткан жери жайлуу болсун, бир туугандарына сабыр бер. Эмне себеп болду экен.байкуш.жакшына болуп эле журо берчу. Коруп калат элем.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан