2005-жылы Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо ассамблеясы менен көптөгөн өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтеринин макулдашуусунда 14-июнь жыл сайын ыктыярдуу кан донорлорунун күнү катары кабыл алынган. Кан донорлорунун күнү кандын группаларын ачкан, дарыгер-иммунолог Карл Ландштейнердин туулган күнүнүн урматына коюлган.
Кан донорлорунун күнүн белгилөөнүн негизги максаты болуп өз ыктыяры менен акысыз кан тапшыргандардын жакшылыгына, адам өмүрлөрүнүн сакталышына салымын кошкондугуна ыраазычылык билдирүү.
Дүйнөдө жаратылыш кырсыктары көбөйгөн сайын канга муктаж болгон адамдардын саны өсүүдө. Айрым маалыматтар боюнча, күн сайын дүйнө жүзүндө 108 миллион адам кан тапшырат. Бул донорлордун көпчүлүгү өнүккөн өлкөлөрдө жашагандар. Мындай өлкөлөрдө өзгөчө кырдаалдар орун алса медициналык жардам көрсөтүү үчүн кандын запасы 100%га толук. Өлкөдөгү өзгөчө кырдаалдар үчүн таза кандын запастарын толуктоо ар бир мамлекет үчүн маанилүү тармак. Бул күн БУУнун курамына кирген 193 өлкөдө кан донорлорунун күнү ар жылы ар кандай ураанда өтөт. Бул жылы кан донорлорунун күнү "Кан тапшырыңыз, азыр тапшырыңыз!" - деген ураан менен өтөт.
14-июнга карата жылнаама.