Катардын Мутаз аль-Хайят аттуу жеке ишкери өлкөсүнө аба жолу аркылуу 4000 уйду алып бармакчы. Аль-Хайят уйларды АКШ жана Австралиядан алып кетет. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Мындай жол менен ал өлкөсүн өздөрүнөн өндүрүлүп чыккан сүт азыктары менен камсыздамакчы. Учурда Катарды террордук топторду каржылайт деп санап, бир нече Араб өлкөлөрү жана аны менен алакадагы өлкөлөр дипломатиялык мамилелерин үзүшкөн. Ошол себептен Катарга сырттан кирген азык-түлүктөр токтотулуп, өлкө ичинде тартыштык пайда болууда.
Уйларды учак менен жеткирүү үчүн Qatar Airways авиакомпаниясы 60 жолу каттам жасамакчы. Ар бир уйдун салмагы 590 килограммды чамалайт. Алгач бизнесмен уйларды деңиз аркылуу алып өтүүнү пландаган. Бирок учак менен ташууну тандап, убакытты үнөмдөмөкчү.
Мутаз аль-Хайят учуп келе турган уйлар үчүн жай дайындап, учурда айыл чарба иштери, тоют маселеси менен алек. Анын фермасы Катардын борбор шаары Дохадан 50 чакырым алыстыкта жайгашкан. Сүт азыктарынан тышкары эт менен да камсыздоо аракетин көрүп, фермасын кой багууга да ылайыкташтырууда. Ишкер сүттү туруктуу өндүрүп баштаган маал июнь айынын аягына туура келерин айтат. Ал июль айынын ортосунда Катар өлкөсүндөгү соода-сатык рыногунун 3төн 1 бөлүгүн өз фермасында өндүрүлгөн сүт азыктары менен камсыздап каларына ишенип жатат.
Эске салсак, 5-июнда Сауд Арабиясы, Египет, Бахрейн, БАЭ жана Йемен өлкөлөрү Катар менен дипломатиялык алакаларын үзгөн. Кийинчерээк бул бойкотко Ливия, Мальдив аралдары, Маврикий, Мавритания, Комор аралдарынын бирикмеси кошулушкан. Сауд Арабиясы Катар менен мамилени үзгөн соң Катардын соода-сатык рыногунда тартыштык пайда болгону сезилген. Дал ушул көйгөйлөрдү алдын алуунун жолун жарандары жана бийлик тынбай издешүүдө.