Сингапурдагы Чанги эл аралык аэропорту "AirHelp" компаниясы жүргүзгөн изилдөөлөрдүн негизинде дүйнөдөгү эӊ мыкты аэропорт аталды. "76 аэропорттун ичинен Мюнхен эл аралык аэропорту 2-орунду ээлесе, 3-орунду Гонконг алды", - деп айтылат компаниянын маалыматында.
Жогоруда айтылган 3 аэропорт теӊ көрсөткөн кызматтары үчүн белгиленген 10 баллдан 10 балл алышкан. Ошондой эле аларды баалоодо рейстерди убагында жөнөтүү жана жана кабыл алуу, аэропорттогу жүргүнчүлөрдүн социалдык тармактагы 130 миӊден ашуун билдирүүлөрүнө анализ жасалган.
Алдынкы ондукка Копенгаген (Дания), Хельсинки (Финляндия), Цинциннати (АКШ, Огайо штаты), Барселона, Мадрид (Испания), Окленд (Жаӊы Зеландия) жана Франкфурт (Германия) аэропорттору кирген.
Изилдөөдө жүргүнчүлөр көбүнчө аэропортто көпкө кезекке туруу, тамак-аштын сапатынын төмөндүгү жана рейстердин кечигүүсүнө нааразы болору аныкталган.
Ал эми Москвадагы "Шереметьево" аэропорту тизмеде 23-орунду, "Домодедово" 65-орунду ээлеген. Ал эми Кыргыздагы "Манас" эл аралык аэропорту бул тизмеге кирген эмес.