Испанияда коомдук унааларда эркектердин талтайып отуруусуна тыюу салынды

Испаниянын Мадрид шаарында эркектерге коомдук унааларда талтайып отурууга тыюу салынды. Чет элдик маалымат каражаттары жазгандай, коомдук унааларда мырзаларга бул тууралуу эскертип турган жазуулар, белгилер даярдалып илинген.

Мырзалардын бутун кенен жайып отуруусуна тыюу салууну активисттер демилгелеп, алардын бул пикирин көпчүлүк аялдар колдошкон. Активисттер унаада талтайып отурган мырзалар жанында отуруп бараткан жүргүнчүгө ыңгайсыздык жаратып, кенен отуруусуна тоскоол болорун айтып чыгышкан.

Эркектердин коомдук унааларда талтайып отуруусун жоюу жөнүндөгү петицияга 600дөн ашуун жаран кол койгон. Айта кетсек, АКШда 2015-жылдан бери метродогу вагондордо талтайып отурган эркектер жоопко тартылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
student-95
2017-06-14 11:16:46
мына сага кызык
+3
AykaMer
2017-06-14 11:50:08
Мыйзам деп ушуну айт...
+7
Seryi-Kardinal
2017-06-14 11:51:17
kyzdar taltaisa bolo bere beken
+6
admin_superstan
2017-06-14 16:51:44
datkayimjan, Artur555, этика нормаларын сактаңыздар. Эскертүү!
0
Aidan88
2017-06-14 17:45:26
Marshruttuk taksilerde da Bishkekte ushundai go ,kysylyp aran otyrasyn ozunun gana ordun emes janyndagy adamdyn da orundugun eelep alywat ,
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан