18-майда өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү тарабынан белгилүү коомдук жана мамлекеттик ишмер Абсамат Масалиевдин 80 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чара өтөт. Иш-чараны өткөрүүгө өкмөттөн 80 миң сом каражат бөлүндү. Бул тууралуу Ош облустук администрациясынын басма сөз кызматы маалымдады. Иш-чаранын негизинде Ош мамлекеттик университетинде илимий-практикалык конференция, Ош улуттук драма театрында А.Масалиев жөнүндө даректүү тасма, театрлаштырылган көрүнүштөр коюлмакчы.