Ош шаарынын мэриясынын алдындагы Маданият башкармалыгы "Этно-Ош" фольклордук ансамбли отчёттук концертин өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 14-июнда SUPER.KG порталына Ош шаардык мэриянын коомчулук менен байланыш кызматынын башчысы Талант Канатбек уулу билдирди.
"Ыйман, адеп жана маданият жылына карата Бишкек шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда "Байыркынын музыкасы ыйманга үндөйт" деген аталышта концерттик программа тартууланды. Мында кылымдардан бери болуп келген бабалардын мурастарын кайра жаратуу, мурдагы баалуулуктарды жаңы доорго шайкеш келтирүү менен улуттар аралык ынтымакты бекемдөө максаты коюлган. Программанын жүрүшүндө кыргыз, өзбек улуттарынын улуттук аспаптары ойнотулду", - деп билдирди Талант Канатбек уулу.
Маалыматка ылайык, аталган концерттик программанын жүрүшүнө маданият ишмерлери, белгилүү төкмө акындар, эстрада ырчылары катышышты.