Чыгыш мушташ өнөрүнүн легендасы, белгилүү кунг-фу чебери Брюс Линин мушташып жатканы тартылып алынып, сакталып калган жалгыз даректүү видеосу интернетке тарады.
"Daily Mail" басылмасынын билдиргенине караганда, видео Брюс Ли негиздеген калифорниялык Жит Кун-До мектебинде тартылган. Анда Линин окуучуларынын бири Тэд Вонг менен болгон мушташы көрсөтүлгөн. Каршылаштар атайын коргоочу кийимдерди кийип алышкан. Видеого тиркелген жазууда аларга коргоочу кийимдер жок урушууга тыюу салынганы айтылат.
Белгилей кетсек, актёр, кинорежиссёр, продюсер жана сценарист Брюс Ли АКШнын Калифорния штатындагы Сан-Франциско шаарында 1940-жылы 27-ноябрда туулган. Кытайда Ли Сяолин, Ли Чжэньфань ысымдары менен да таанымал.