Курманбек Бакиевдин Жалал-Абаддагы резиденциялары кайрадан мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна алынат

Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын карамагына берилген Курманбек Бакиевдин резиденциялары мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун эсебине кайра алынат. Бул туурасында 14-июнда фонддон кабарлашты.

Фонддун атына оорукананын башчысынан кат келип, алар мындан ары Бакиевдин мүлкүн карамагында калтыра албасын айтышкан. Себеби төрөт үйү болот деп болжолдонуп жаткан резиденцияны кайра оңдоп-түзөөгө көп суммадагы акча талап кылынгандыктан ал каражаттарды табууга саламаттыкты сактоо мекемесинин даремети жетпей турганын билдиришкен. Ошондуктан “Курманбек”, “Маркай” резиденцияларын мүлктү башкаруу фондуна алып, мындан кийинки колдонуу укугун башка мекемелерге берүүсүн айтышты”, - деди мекемеден.

Айта кетсек, мурдагы президент Курманбек Бакиевдин Жалал-Абад жана Көк-Жаңгак шаарларында жайгашкан резиденциялары облустук клиникалык оорукананын карамагына өткөн жылы өткөрүлүп берилген болчу. Ошондо клиниканын жетекчиси Абдыманап Кулубаев алардын бирин төрөт үйү, экинчисин кооз аймакта жайгашкандыктан ден соолукту чыңдоочу санаторийге айлантабыз деп убадалаган эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Seryi-Kardinal
2017-06-14 11:49:16
bir jyl kim jawady anan
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан