Алмазбек Атамбаев КМШ өлкөлөрүнүн коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтарынын өкүлдөрүн кабыл алды

Бүгүн, 15-майда президент Алмазбек Атамбаев КМШ мүчө-мамлекеттеринин коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтарынын жетекчилеринин кеңешинин 34-жыйынынын катышуучуларын кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. “Силердин кеңешмелер абдан зор мааниге ээ. Коопсуздук маселелери бүгүнкү күндө өтө актуалдуу. Экстремизм, терроризм, радикалдуу диний агымдар. Мунун баары бизди тынчсыздандырбай койбойт”,- деди Атамбаев. Мамлекет башчысы КМШ өлкөлөрү менен биргеликте коопсуздук багытындагы коркунучтар менен күрөшүүгө жардам бере турган мындай жолугушуунун маанилүү экенин белгиледи. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан