“Балдарга жөлөк пул берүү боюнча мыйзамы кабыл алынып, каражат табылбай парламент калпычы болуп калбайбы?” - деп бүгүн, 14-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев мыйзам долбоорунун демилгечилеринен сурады. Анын айтымында, шайлоочулар бул демилгени колдоп, үмүт кылып жатышат.
“Ата Мекен” фракциясынан депутат Алмамбет Шыкмаматов мыйзам кабыл алынса, каражат тапканга өкмөттүн күчү жетеби деп сурады. Ошондой эле ал бюджетте акча жок деген шылтоо болбошу керек экенин эскертти.
Каржы министринин өкүлү билдиргендей, мыйзамды колдоо боюнча өкмөттүн чечими бар. Анын айтымында, жылына жөлөк пул төлөөгө 1 миллиард 800 миллион сом республикалык бюджеттен керектелет.
Айта кетсек, "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө” мыйзам долбооруна ылайык, жаңы төрөлгөн балага 4 миң сом жөлөк пул берилет. Ошондой эле 3 жашка чейинкилерге ай сайын 700 сомдон, үчүнчү баладан баштап 3-16 жашка чейинки балдарга айына 500 сом берилет. Мыйзам кабыл алынса 2018-жылдын башынан баштап жөлөк пулдун берилиши күтүлөт.