Журналистика өзгөрүүдө, анын айрым тармактары жоголот. Келечекте адистешкен жана аналитикалык журналистика калат. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин депутаты Каныбек Иманалиев 14-июнда Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдирди. Журналистикага өнүккөн технологиянын тийгизип жаткан таасирин атады.
"Мурда фото журналистика деп университетте атайын 5 жыл окутушчу. Азыр өлкөдө 1 миллион фото журналист бар, колунда уюлдук телефону бар ар бир адам фотокабарчы. Уюлдук телефону бар ар бир адам репортёр, социалдык тармактар аркылуу маалымат таратышат. Бирок келечекте түптүү, адистешкен журналистика калып, журналистиканын айрым тармактары жоголот", - деди Иманалиев.
Белгилей кетсек, Бишкекте аталган депутаттын "Улуулукка таазим" аттуу китебинин бет ачары өттү. Китепте автордун улуу инсандар, улуттук элита, интеллигенция, тарых, тил тууралуу ойлору, макалалары топтолгон.