Айбек Калиев: "Жылуулук электр борбору эми жергиликтүү көмүрдү пайдалануу менен натыйжалуу иштеп баштайт"

Жылуулук электр борбору модернизациядан кийин кубаттуулугу жогорулап, жергиликтүү көмүрдү пайдалануу менен натыйжалуу иштеп баштайт. Бул тууралуу Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын төрагасы Айбек Калиев президентке Бишкек шаарынын ЖЭБин ишке киргизүү боюнча даярдык туурасында маалымат берип жатып билдирди.

Белгилей кетсек, бүгүн, 14-июнда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын төрагасы Айбек Калиевди кабыл алды.

Жолугушууда өлкө башчысына энергетикалык систем тууралуу, алдыдагы жылытуу мезгилине даярдык көрүү боюнча жүрүп жаткан комплекстүү жумуштар, өлкөнүн энергетикалык тармагын өнүктүрүүгө инвестиция тартуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар туурасында маалыматтар берилди.

Президент Алмазбек Атамбаев күз-кыш мезгилинде калкты энергия менен туруктуу камсыз кылуу үчүн алдыдагы жылытуу сезонуна сапаттуу даярдык көрүүнүн маанисин баса белгилеп, өлкөдөгү энергетикалык долбоорлорду өз мезгилинде жана сапаттуу ишке ашыруу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
grace
2017-06-14 14:05:03
Эң жакшы, өзүбүздүн көмүрдү жакса өзүбүзгө эле пайда, казактардан албай.
0
Revolyutsiya2
2017-06-14 14:40:00
2010-11 жылы (Атамбаев Окмот башчы, Бабанов вице премер-министр болуп турган убакта) Казахстандан алдырган, радиактивдуу Кулан комурун жагып туготуп буттунорбу?!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан