"Күткөн энеге "мен барам, апа" деп ыйлаган жигит калпычы" дейт окурман

Интернетке видеосу жарыяланып "мен барам, апа" деп ыйлаган адам жалган сүйлөп жатат деп 14-июнда SUPER.KG порталына "Ачык эшик" кайрымдуулук фондунун төрагасы Давлет Нарматов билдирди.

Анын айтымында, видеодогу жаран Бишкекте жашап жүргөндө тааныш адамдарын көп алдап жүргөндүктөн аны Афоня деп атап коюшкан.

"Мен видеодогу баланы абдан жакшы билем. Ал Атамкулов эмес экендигине 100 пайыз кепилдик берем. Бул бала спирт ичимдигин ичип кеткени ырас. Ал менин үйүмдө 1 жарым жыл жашап жүргөн. Аты Шавкатбек Узгенбаев. Муну "Орто-Сай", "Ош" базарындагы селсаяктар абдан жакшы таанышат. Ал алдамчылыкты өздөштүргөн 1984-жылы туулган жигит. Бир убакта мен аны шаардагы жылуулук өтүүчү түтүктөрдө буту күйүп жаткан жеринен таап үйгө алып келгем. Азыр анын паспорту Бишкектеги наркологияда күрөөдө жатат. Эгерде интернетке видеосу жарыяланган адамдын так дарегин тапсам бүгүн Екатеринбургга учуп барып мекенибизге алып келгенге даярмын", - деп кошумчалады Нарматов.

Айта кетсек, 19-майда интернет айдыңына Орусияга иштегени кетип дайынсыз жоголгон баласын күткөн эненин видео аркылуу кайрылуусу тараган эле. Анда "Уулум, Замкөөбай, сени сагындым. Бир көрүп өлсөм, арманым жок эле" деп эненин ыйлаганын көрүүгө болот. 3,5 жыл мурун Орусияга иштегени кеткен Замирбек Атамкуловдон ушул күнгө чейин маалымат жок болуп жаткан.

Бүгүн кайра социалдык тармактарга "мен барам, апа" деп ыйлап, кайрылуу жасаган жигиттин видеосу тарады. Интернет колдонуучулары аны энеси издеп жаткан Замирбек Атамкулов деп болжолдошкон.

"Мен барам, апа" деп ыйлаган жигит калпычы болуп чыкты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (23)
keba300989
2017-06-14 15:41:46
озунорчо чечим чыгарганга эле устасынар бул бала балким айласы кетип ушул жолго баргандыр паспорту жоголгон болсо эчжерге ишке албайт аны озунор деле жакшы билесинер, дагы билбедим бир Аллах билетко.
-4
timan.86
2017-06-14 15:51:38
Давлет досум баарын билет стаянкада суротко тартып койгон экенсинда а кереги тиет деп.
+2
tynara81
2017-06-14 15:52:13
Паспорту Бишкектеги наркологияда күрөөдө жатса, ал Екатеринбургга кантип барып калды паспортсуз деген суроо туулду да менде ...
+2
meni_kut
2017-06-14 17:17:40
tynara81,жоголду деп башка жасатса болот го.
0
jonne
2017-06-14 15:54:50
Мындай кылып артистабаса эчким конул бурмак эмес эми кыргызстанга кетириш керек жакшы жолго салып туган уруктарына териштрип дегендей
+1
abusait
2017-06-14 16:19:22
Россиядагы кыргыздар ушинтип бардык кочодо калган кыргыздарды суротторун чыгарып тургула . Балким издешкендер табылаттыр.. .
+4
Djal1987
2017-06-14 16:29:51
Жапжаш экен бир кызга уйлонуп беш алтыны тороттуп достойно журбойбу.
+7
Muslim_KGstana.
2017-06-14 17:08:17
Ошол шахмар го)))
+1
meni_kut
2017-06-14 17:27:29
Чыныгы Замир Атакуловду Москвада МВД да иштеген Аскат Алиев издоо салганына канча болду,эмне жыйынтык жок?Жооп алып берип койгулачы супер инфо!!
+1
admin_superstan
2017-06-15 09:59:55
meni_kut, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
+1
meni_kut
2017-06-14 17:31:15
Давлет дос молодецсин.Кээ бир адамдар ишенди эле,ичип мурду башы шишип озгоруп кеткенби деп.Аскат Алиевден жооп кутобуз издоо салган эле.
+1
jazi_90
2017-06-14 20:06:27
Укмуш актерго бул мекендешибиз
+1
Ajar812
2017-06-14 20:24:12
Уйуно жеталбай журсо пайдаланып жетип алайын дегенго
0
Dadasdasd
2017-06-14 22:00:22
Мумкун ал бала өзүнүн апасына айтып жаткандыр барам деп.
+1
meni_kut
2017-06-15 09:32:40
Dadasdasd,видеону коргоз деп келип ,видеодогу апага жооп кылып суйлоп атпайбы,аферист
0
evra_kg
2017-06-14 22:56:25
Коойгула апа издеген бул бала болуп чыкпай эле койсун
0
Dybala.
2017-06-15 03:21:03
Афоня
+1
arzygulR
2017-06-15 13:54:43
Жалганчы болсо да кыргызго жардам берип койсок эч нерсе болбойт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан