Кыргыз өлкөсүнүн абадан кол салуудан коргонуу күчтөрүнүн Баткен облусундагы Төрт-Гүл суу сактагычында өткөн машыгуусу 6-июнда башталып, бүгүн, 14-июнда жыйынтыкталды.
Бул маалыматты SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн 8-гвардиялык мотоаткычтар дивизиясынын маалымат кызматынын жетекчиси Элиза Арапбаева билдирди.
“Аскердик машыгуу №30630-аскердик бөлүгүнүн талаа окуу борборунда Куралдуу күчтөрдүн абадан кол салуудан коргонуу күчтөрүнүн кол башчысы Кылычбек Айдаралиевдин жетекчилигинин астында өткөрүлдү. Анда Баткен облусундагы Төрт-Гүл суу сактагычында суудан куткаруу машыгуусу өттү. Ошондой эле күжүрмөн ок атуу машыгуу талаасында П-50Т авиациялык бомбасы жардырылып, С-5 ракетасынан күжүрмөн ок атуу ийгиликтүү аткарылды. Мындан сырткары машыгуу МИ 8 МТВ тик учактарынан күжүрмөн ок атуу да болду”, - деди Арапбаева.