Чүйдө кечээ, 13-июнда болгон катуу шамалдын чыгымы такталды. Бул тууралуу бүгүн, 14-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Жайыл районунда катуу шамалдын кесепетинен жеке турак жайларда жана окуу имараттарынын чатырларынан 138 даана шифер жараксыз абалга келген.
"Кара-Балта шаарындагы №105-лицейдин чатырынын 85 даана шифери жана 1 сарайдын 8 даана шифери ошондой эле Жайыл районунун Жайыл айыл аймагында жайгашкан мектептин 30 даана шиферин учуруп кеткен. Мындан сырткары үйдүн короосунда жайгашкан дарак кулап, үйдүн 15 даана шиферин талкалаган. Шамалдын кесепетинен жаракат алган тургундар жок", - деп билдирди басма сөз кызматы.