ЖЫЛНААМА, 14-ИЮНЬ: 9 жыл мурун жазуучу Чыңгыз Айтматовдун сөөгү жерге берилген

2008-жылдын 14-июнь күнү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун сөөгү жерге берилген. Залкар жазуучунун жерге берүү зыйнатына миңдеген мекендештери келип, анын адабияттагы чеберчилигине акыркы ирет таазим кылышкан. Ч.Айтматовдун керээзинде айтылгандай, Айтматовдун сөөгү "Ата бейит" мемориалдык-музей комплексине коюлган.

Чыңгыз Айтматов 1928-жылы Таластын Шекер айылында төрөлгөн. Жазуучунун "Жамийла", "Кызыл алма", "Саманчынын жолу", "Бетме-бет", "Биринчи мугалим" сыяктуу чыгармалары дүйнө окурмандарына тараган. Анын жазган повесттери француз, англис, орус, казак, түрк жана башка бир нече тилдерге которулган.

Чыңгыз Айтматовго 1997-жылы Кыргыз Республикасынын баатыры наамы ыйгарылган. Жазуучу 2008-жылдын 10-июнь күнү 79 жаш курагында дүйнө салган.

14-июнга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан