1942-жылы 14-июнда АКШнын телеберүүлөрүнө Уолт Диснейдин "Бэмби" мультфильми чыккан. “Бэмби” австриялык журналист Феликс Зальтендин ушундай эле аталыштагы эмгегинин экрандаштырылган чыгармасы. 1923-жылы Альпы тоолоруна саякат учурунда ага бир чаарчык байыр алат. Колунан тамак жеп жүргөн чаарчыкты бир күнү мергенчилер атып өлтүрүшөт. Адамдардын таш боордугуна кейиген Зальтен “Бэмбини” жараткан. 1933-жылы “Бэмби” деген китепти окуп, аны тасмага айлантуу үчүн автордук укукту Сидней Франклин сатып алган. Алгач ал кадимки тасма тарткысы келген. Бирок салттуу тасма менен окуяны ийине жеткире бере албасын сезип, 1935-жылы “Уолт Дисней” студиясына анимациялык тасма тартуу сунушун киргизген. Тасманын сүрөттөрүн Тайрус Вонг тарткан.
"Бэмби" "Оскар" сыйлыгына үч номинацияга "Мыкты ыр", "Мыкты үн" жана "Мыкты музыка" көрсөтүлүп, байгеге илинген эмес. 1948-жылы "Алтын глобус" сыйлыгына татыган.
14-июнга карата жылнаама.