Жогорку Кеӊештин мурдагы спикери Ахматбек Келдибеков алдыдагы президенттик шайлоого катышууга аракет кыларын айтты. Экс-депутат "Азаттыкка" курган маегинде Жогорку Соттун "Келдибековдун соттолгон деген статусу 2017-жылдын 8-ноябрында жоюлат" деген маалыматына пикир билдирди.
"Менин президенттикке ат салышуума тоскоолдук жок. Соттолгон деген статусту алдырып коюунун мыйзамдуу жолдору бар, биз мыйзамдын чегинде аракетти улантабыз. Аны азыр ачыктап жибергеним болбойт, ар бир саясатчынын өзүнүн тактикасы болот. Негизи мындан чоӊ трагедия жаратуунун кажети жок. Үчилтиктин өзүнүн стратегиялык тактикасы бар. Биз шайлоодо жеӊишке жетишебиз деп ишенем", - дейт Келдибеков.
Ахматбек Келдибеков алдыдагы президенттик шайлоого 10дой талапкер чыгып, негизги күрөш 4-5 талапкердин ортосунда жүрөт деп жоромолдоодо.
Эскерте кетсек, 13-июнда Жогорку Сот Келдибековдун соттолгон деген статусу 2017-жылдын 8-ноябрында жоюларын маалымдады. Мекеменин билдиришинче, Келдибеков 2016-жылы 8-ноябрда сот тарабынан милдеттендирилген айып пулду толугу менен төлөп бүткөн. Кылмыш-жаза кодексинин 76-беренесине ылайык, айып пул төлөнгөндөн кийин бир жылда соттолгон деген статусу жоюлат.
Ахматбек Келдибеков "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылган. Соттун чечимине ылайык, ал мамлекеттин эсебине 10 миллион сом которууга милдеттендирилген. "Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзамга ылайык, соттолгон деген статусу алынып салынбаган жарандар президенттик жана парламенттик шайлоого катыша алышпайт.