14-май күнү Баңгизатты көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы тарабынан Талас облусунун1989-жылы төрөлгөн З.И. аттуу тургунунан 20 килограмм 920 грамм баңгизат табылды. Бул тууралуу аталган мекеменин баса сөз кызматы билдирет. Алынган затты атайын экспертизадан өткөргөндө ал, Индияда өндүрүлгөн марихуана болуп чыккан. Мындан улам Баңгизатты көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы З.И. аттуу адамды убактылуу кармоо жайына киргизип, ага карата Кылмыш кодексинин 247-беренеси (баңгизатты мыйзамсыз сактоо) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатканы айтылды.