Мамлекеттик ишмер Данияр Нарымбаев 1959-жылы 15-июнда Фрунзе шаарында төрөлгөн. Жогорку билимдүү. 1983-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин аяктаган.
2015-жылы 22-июлда Д.Нарымбаевге "опузалап пара талап кылуу" жана "кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу" беренелери боюнча айып тагылып, УКМКнын СИЗОсуна убактылуу камакка алынган. 2015-жылдын 27-ноябрында Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Нарымбаев "алдамчылык" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 3 жылга эркинен ажыратылган. 2016-жылдын 29-декабрында Биринчи Май райондук соту Нарымбаевди шарттуу - мөөнөтүнөн мурда бошотуу боюнча ишти караган. Анда УКМКнын тергөө абагынын башчысынын орун басары Нарымбаевди бошотуу өтүнүчүн келтирген. Соттук коллегия ал өтүнүчтү канааттандырып, Данияр Нарымбаев сот залынан бошотулган.
15-июндун жылнаамасы.