Токтогул суу сактагычынын боюнан мыйзамсыз кум, шагыл алган ишкерге айып салынды

Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Токтогул суу сактагычынын боюнан мыйзамсыз кум, таш, шагыл алынып жээги бузулууда. Бул тууралуу бүгүн, 15-июнда Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалымакта ылайык, суу сактагычтын жээгиндеги кум, шагылдар жеке ишкерлер тарабынан ташылган. Текшерүүнүн жүрүшүндө ишкер Жолдошбек Калиев аттуу тургун Кара-Суу жана Бала-Чычкан айылдарынын жолдоруна жолду түздөө үчүн кум, шагылды казып алгандыгын билдирген.

"Суунун жээгин бузуп, агымын башка нукка буруп, айлана-чөйрөнү бузгандыгы үчүн Жолдошбек Калиев аттуу тургун административдик айыпка тартылды. Жашоочулардын мындай аракетинен улам айрым аймактарда айдоо аянт жерлерин суу каптаган учурлар кездешүүдө", - деп билдирди басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
A.Alymbek
2017-06-15 13:12:49
ммммм да, Жолдош аке качан ишкер болуп калган, Курал акеде бухгалтер болуп эле иштейт го...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан