Депутаттар БШКнын президенттик шайлоого байланыштуу чечимдерине нааразы

Бүгүн, 15-июнда парламенттин жыйынында депутаттар Борбордук шайлоо комиссиясын чакырып, маалымат угууну сунушташты.

"Республика - Ата Журт" фракциясынан депутат Мирлан Жээнчороев жана "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Алтынбек Жунус уулу бүгүнкү Жогорку Кеңештин жыйынынын күн тартибине БШКнын төрайымын жана мүчөлөрүн чакырып, маалымат угуу керек экенин айтышты. Алар билдиргендей, кечээ, 14-июнда БШКнын отурумунда "Конституцияны одоно бузган токтом" кабыл алышты. Депутаттар БШКнын төрайымынан маалымат угуп, мыйзам бузуулардын алдын алуу керек экенин билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан