Бүгүн, 15-июнда КСДП фракциясынын жыйынына 1 айдан бери катышпай жаткан депутат Жылдыз Мусабекова пленардык жыйынга келди.
Ал Нарын облусунун бир катар районунун жарандарынын ден соолугун текшерүү үчүн дарыгерлерди жөнөтүүнү сунуштады.
“Мен Нарын облусунун Ак-Талаа, Жумгал жана Кочкор райондоруна барып келдим. Көпчүлүгү саламаттыкты сактоо маселесине токтолду. 3-4 жылдан бери “Ден соолук кербени” деген долбоор иштеп келет. Аталган райондорго дарыгерлерди жөнөтсөк жакшы болот эле”, - деди ал.
Айта кетсек, Мусабекова 1 айдан бери КСДП фракциясынын жыйынына келбей жаткан. Депутаттын журналист Үпөл Анаркулованы "10 эркекке салып берем" деп коркутуп, мазактагандыгы боюнча маселе фракцияда каралмак. Лидер Иса Өмүркулов Мусабекованын ооруп жатканын айтып келген.