Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев кызматтан бошотулган эле. Бул боюнча 15-июнда Сарпашев өзү комментарий берди. Экс-чиновник "Учкун" ААКсы боюнча кылмыш ишинде күнөөсүз экенин далилдегенин айтат.
"Учкун" боюнча кылмыш ишинде таза экенимди далилдедим. 12-июнда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети курамында кылмыштын белгилери жок деп кылмыш ишин токтотту. Тергөөчүлөр ишти иликтеп, чындыкты ачыкташты. Бишкекте Скрябин көчөсүндөгү жер тилкеси боюнча күнөөсүз экенимди далилдейм. Тергөө баарына чекит коёт, чыныгы күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартат деп ишенем. Мени кимдир-бирөөлөр курмандык кылгысы келишти. Соӊку мезгилде кандай ката кетириши мүмкүндүгү тууралуу көп ойлондум, бирок мыйзам бузбаганыма ишенем. Мамлекеттик каттоо кызматы 4 айдан бери жетекчиси жок турат, мындай болбошу керек. Таза шайлоо өткөрүүгө эч ким тоскоол болбошу шарт, ошондуктан кызматтан кеттим. Каттоо кызматына кимдир-бирөө жоопкерчилик алышы керек", - дейт Сарпашев.
Эскерте кетсек, Сарпашев Бишкек шаарында Максим Бакиевдики делген Скрябин көчөсү, 45-45-а дарегинде жайгашкан жердин аресттен чыгып, сатылып кетишине күнөөлөнүп жатат. Бул фактыны иликтөө үчүн мекемелер аралык комиссия түзүлгөн. Ошондой эле Сарпашевге 2013-жылы вице-премьер-министр болуп турганда Мамлекеттик каттоо кызматындагы тендерде жеңилген компаниядан жарандын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдүн бланктарын сатып алууга уруксат берген деген да айып тагылып жаткан. Өзү билдиргендей, бул иш токтотулду.