КСДП фракциясынан депутат Улан Примов Чоң-Алайда жер титирөөдөн жабыркагандар үчүн чогулган каражат тез арада таратылып берилиши керек экенин айтты. Мындай сунушун депутат бүгүн, 15-июнда парламенттин жыйынында билдирди.
"Жогорку Кеңеш Чоң-Алайда болуп өткөн жер титирөөдөн тиешелүү токтомдорду кабыл алдык эле. Жабыркагандарга жардам катары жалпы эл-журтубуз акча каражат топтоду. 2 күндүн биринде маалымат чыгып жатат. Бирок ошол акча каражат качан элдин колуна таратылат? Кандай тартипте берилет. Ал жакта кыштын келерине 2 ай калды. Тез арада акчаны бөлүп берүү керек. Кышка чейин турак жайларын оңдоп, куруп алышсын", - деди ал.