Сочиде "Кинотавр" кинофестивалынын жеӊүүчүлөрү аныкталды

Кечээ, 14-июнда Сочиде орус киночулары негиздеген, бул жылы 28-ирет өтүп жаткан "Кинотавр" фестивалы жыйынтыкталды. Калыстардын чечими менен төмөнкү тасмалар мыкты деп табылды:

"Кинотавр" кинофестивалынын башкы байгесин - "Аритмия" тасмасы алды, режиссёру Борис Хлебников;

"Мыкты режиссура" үчүн "Заложники" тасмасынын режиссёру Резо Гигинеишвили;

"Мыкты дебют" - "Теснота", режиссёру Кантемир Балагов;

"Мыкты аялдын ролу" - Инга Оболдина ("Жги", режиссёру Кирилл Плетнев);

"Мыкты эркектин ролу" - Александр Яценко ("Аритмия", режиссёру Борис Хлебников);

"Мыкты оператордук эмгек" - Владислав Опельянц ("Заложники", режиссёру Резо Гигинеишвили);

Г.Горин атындагы байге "Мыкты сценарий" үчүн Виталий Суслин, Иван Лашин ("Голова. два уха", режиссёру Виталий Суслин);

Калыстардын атайын диплому - "Блокбастер", режиссёру Роман Волобуев ("Жанрдык кинодогу жаӊы деӊгээл" үчүн);

"Кинотавр. Кыска метр" сынагынын жеӊүүчүсү - "Лалай-Балалай", режиссёру Руслан Братов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан