"Бишкек шаарына 20 жылда канча мэр келбесин жашылдандыруу программасын кабыл алганын көргөн жокмун", - деди бүгүн, 15-июнда парламенттин жыйынында КСДП фракциясынан депутат Мурадыл Мадеминов.
Эл өкүлү борбор калаа СССР убагында жашыл шаар катары эсептелгенин белгиледи. "Көп кабаттуу үйлөрдү курууда шаарда дарактар кыйылып жатат. Бир жагынан туура, чириген дарактарды кыйыш керек. Бирок ордуна көчөт тигишпейт. Эмен дарактарында курттар пайда болуп, дарактар күз келгендей саргайып жатат. Бул боюнча Бишкек шаарынын мэриясына тапшырма берүү керек", - деди ал.