Тазабек Икрамов: “Сузак районунда эскилиги жеткен мектеп кулап калса, окуучулар жабыркашы мүмкүн”

Сузак районундагы Т.Кубатбеков атындагы мектептин эскилиги жетип, кулап калуу коркунучунда турат. Бул тууралуу бүгүн, 15-июнда парламенттин жыйынында "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Тазабек Икрамов билдирди.

Анын айтымында, мектеп 1976-жылы салынган. "Жаңы мектеп куруу долбоору каралган. 2013-жылы курулуш башталып, белгисиз себептерден улам токтоп калган. Республикалык бюджеттен 143 миллион сом бөлүнгөн. Эски мектеп дагы бир кышты көтөрө албайт. Эгер кулап калса, мектеп окуучулары жабыркашы мүмкүн", - деди ал.

Эл өкүлү бул боюнча өкмөткө протоколдук тапшырма берүү керектигин айтты. Ошондой эле бөлүнгөн акча кайда жумшалганын териштирүү зарылчылыгын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Revolyutsiya2
2017-06-15 11:59:01
143 миллион сомго бир мектеп салынбаптырбы?!! Ал акчага 2-3 мектеп салса да болот го?!! Бийлик коррупция менен курошуп жатабыз деп калп эле ооз коптурот, мына коррупция, эмнеге чара корушпойт?!!
+7
pixduel1
2017-06-15 14:30:37
Ак уйго ХХХ тажатты булар! Бири бирин чукуганды эле жакшы билишет! Андан бир майнап да чыкпайт , суйлоп отура беришет ушакчыларга окшоп! Буга окшогон мектептер толтура Кыргызстан боюнча!
+2
admin_superstan
2017-06-15 15:57:20
pixduel1, провокацияга жол жок. Эскертүү!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан