Алмамбет Шыкмаматовдун иши боюнча сот отуруму 20-июнга жылдырылды

Жогорку Кеӊештин депутаты Алмамбет Шыкмаматовго ачылган кылмыш иши боюнча сот отуруму 20-июнга жылдырылды. Мындай чечим 15-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда кабыл алынды. Соттук отурумда Шыкмаматов менен бирге айыпталып жаткан "Барат Люкс" ишканасынын жетекчиси Али Юкуселдин жактоочусу отурумду башка күнгө жылдыруу өтүнүчүн келтирди. Ал Юкуселди кийинки отурумда немис тилинен орус тилине котормочу менен камсыздоо зарыл экенин жүйө келтирди.

Али Юкусел Шыкмаматовдун аялынан автоунаа сатып алып кайра Эсептөө палатасына саткан ортомчу ишкана "Барат Люкстун" жетекчиси.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан