Өткөн сутка ичинде Кыргызстанда 9 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМнын Өрттүн алдын алуу жана анализдөө бөлүмү билдирди. Айта кетсек, Бишкек шаарында 4, Чүй облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 2 жана Ош облусунда 1 тилсиз жоо орун алды. Бишкек шаарындагы Көлбаев көчөсүндө жайгашкан №12-үйдүн 706-батиринен өрт чыгып, жаракат алган 3 адам ооруканага жеткирилди.