Муфтият Сауд Арабия менен ажылыкка барчулардын жатаканасы тууралуу маселени талкуулады

Сауд Арабиянын Мекке шаарындагы мейманканаларынын бири ажылык учурунда Кыргыз өлкөсүнөн зыярат кылуучулар үчүн 1500 орун берди. Бул тууралуу Мусулмандар дин башкармалыгынан маалымдалды.

Маалыматка ылайык, мейманканадан орун берилери тууралуу муфтий Максатбек Токтомушевдин аталган шаардагы "Лажнатуль-Тансиик Маварау Нахр" мекемесинин жетекчилери менен болгон жолугушуусунда белгилүү болду. Жолугушуу учурунда жатаканада зыяратчылардын ар бири үчүн бардык шарттар боло турганы айтылды.

Мекеме өткөн жылы Кыргыз жеринен барган зыяратчыларга 1300 орун бөлсө, "Азия Усто" мекемеси 2385 орун берген. Аталган мейманканалардын бардыгы Мекке шаарындагы "Харам" мечитине жакын жайгашып, ажылардын барып келүүлөрү үчүн кыйынчылык жараткан эмес.

Сауд Арабиясы Кыргыз мамлекетине 2017-жылга 4585 квота бөлүп берген болсо, алардын алгачкы тобу 6-августта жөнөп кетишет. 1-сентябрга чейин Бишкек шаарынан 3, Ош шаарынан 12 учак учуп кетет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан