Австриялык компания экранынын диагоналы 262 дюйм же узундугу 6 жарым метр болгон 4К телевизорун коомчулукка жарыялады.
C Seed 262 телевизорунда үн күчөтүүчү 10 динамика жана медиасервер бар. Дүйнөдөгү эң чоң телевизордун баасы 540 миң доллар. Экрандын узундугу 6 144 миллиметр, бийиктиги 2574 миллиметр. Салмагы 800 килограмм болгондуктан аны орнотуу үчүн 38,5 миң доллар төлөп берүү керек болот. Телевизор жай айларында сатыкка чыгат.