1916-жылдагы Үркүндүн 100 жылдыгына карата "Ата-Бейит" мемориалдык комплексиндеги жаңы комплекстин курулуп бүткөнүнө бир жыл боло элек жатып кафелдери ажырап түшүп жатат. Ал эми түшкөнү калган кафелдерди эптеп скотч менен чаптап коюшкан. Буга күбө болгон Бактыбек Абдуллаев аттуу жаран тынчсыздануусун 15-июнда SUPER.KG'ге мындайча билдирди.
"10-июнда "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине барып калып, Үркүндүн 100 жылдыгына карата курулган комплекстин кафелдери түшүп баштаганына күбө болдум. Дагы бир канча убакыт турса бардык кафелдери сыйрылып калат. Ансыз деле түшкөнү калган жерлерин скотч менен жабыштырып коюшуптур. Бир жылга жетпей ушундай абалга келиптир. Комплекске оңой эмес акча сарпталган да. Буга чейин Бишкек мэриясынын көзөмөлүндө турган болсо, учурда Улуттук гвардиянын көзөмөлүндө экен. Улуттук гвардия оңой менен реакция жасабайт эмеспи. Бирок бул үчүн кимдир-бирөө жооп бериши керек", - деди Абдуллаев.
Аталган комплекс 2016-жылы 136,6 миллион сомго курулуп, 2-сентябрда ачылган.