Мамэкотехинспекция: "Кара-Балтадагы таштанды талаасы иретке келүүдө"

Өкмөткө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы Кара-Балта шаарындагы таштанды талаасын жергиликтүү бийликке эскертүү берүү менен иретке келтирип жатат.

Бул туурасында инспекциянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Кара-Балта шаарынын таштанды таштоочу жайы 23 жылдан бери техникалык, экологиялык коопсуздук талаптарына жооп бербей келген. Аталган шаардын бардык булуң-бурчунан чыккан акыр-чикир ушул жайга төгүлөт. Талап боюнча таштанды таштоочу жай коомдук жайдан алыс жайгашып, тегерек чети тосулуп, таштандылар чачылбай бир жайга төгүлүүсү керек. Бул жайдагы талаптар сакталбай келгендиктен жергиликтүү бийликтегилерге инспекция эскертүүлөрдү берип, жыйынтыгында иретке келе баштады”, - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан