Дастан Бекешев Эсептөө палатасынын аудиторлорун азайтуу керек деген пикирде

Жогорку Кеӊештин депутаты Дастан Бекешев Кыргыз мамлекетинин Эсептөө палатасынын аудиторлорун кыскартуу сунушун айтты. Бул тууралуу депутат 15-июнда парламенттин жыйынында билдирди.

“Эсептөө палатасындагы 9 аудитор көптүк кылат. Анткени алардын айлыктары көп экен. Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Марипов аудиторлор 20-25 миң сом айлык ала турганын айткан. Декларацияны карасам алардын жылдык кирешеси 1 миллион сом экен. Депутаттардын кирешесине асылып калышат, эмнеге аудиторлордукуна эч ким тийишпейт? 3 эле аудитордун мисалы жетиштүү болот”, - деди депутат.

Марипов аудиторлордун айлыгы 18 500 сом экенин айтты. Ал билдиргендей, класстык чин, тажрыйбасына ылайык каражат кошулат. Баарын кошкондо айлыктары 20 миң сомдон аша турганын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан