Талас шаарында катталган катуу шамалдан турак үй, мекеме, ишканалардын чатыры талкаланды. Бул тууралуу бүгүн, 15-июнда SUPER.KG порталына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Талас шаардык бөлүм башчысы Мукан Сарыбаев билдирди.
"14-июнь күнү саат 17:40тар чамасында болгон катуу шамалдын кесепетинен 2 турак үйдүн 50дөн ашуун шифери талкаланды. Электр тармактар ишканасынын күйүүчү май сактоочу кампасынын чатырынан 75 шифер, "Кыргыз телеком" ишканасынын шаардагы бөлүмүнүн 10 шифери талкаланды. Учурда жарандык коргонуу комиссиясы чыгымдарды тактоо аракетин көрүп жатабыз", - деди Сарыбаев.
Маалыматка ылайык, шамалдан дарак сынып, бала бакчанын дубалына кулап, терезесин талкалаган. Адам өмүрүнө зыян келген эмес.