АКШнын Кыргыздагы элчиси: "Ош шаары өнүгүп жаткан шаар экенине ынандым"

15-июнда Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев АКШнын Кыргыз жериндеги элчиси Шейла Гуолтни менен жолугушканын мэриядан кабарлашты. Жолугушууда кызматташуу пландары, Ош шаарындагы бизнести колдоо жаатында сүйлөшүүлөр жүрдү.

Кадырбаев эки мамлекеттин саясий, экономикалык кызматташуусуна 25 жыл болгонун айтып, бул аралыкта аткарылган ийгиликтер дагы да уланат деген ишенимин билдирди. “Ош шаарынын мэриясы демилгелүү долбоорлорду колдоого ар дайым даяр. Бизде көптөгөн социалдык, экономикалык жана маданий долбоорлор бар. Элчилик бизнес багытын колдоого алып келет. Биздин өнүктүрүү программабызда өндүрүш багытында приоритеттүү багыттарды кабыл алганбыз. Алар орто жана чакан ишканаларды көбөйтүү. Бул багыттан инвестиция тартып, үч жылдын ичинде 5 эсеге өстү. Ош шаарында жумуш орундарын түзүү жана жеке ишкерлерди колдоо, бизнес чөйрөнү өнүктүрүү багытын эки тараптуу колдоого алып, кызматташабыз деген үмүттөмүн”, - деди Кадырбаев.

Шейла Гуолтни Ош шаары өнүгүп жаткан шаарлардын катарында экенин белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан