"Москва көз жашка ишенбейт" тасмасындагы ролу аркылуу таанылган Алексей Баталов дүйнө салды

15-июнда СССРдин Эл артисти, советтик актёр, кинорежиссёр, сценарист, педагог, коомдук ишмер Алексей Баталов 89 жашында дүйнө салды. Ушул жылдын январь айында Баталовдун жамбаш сөөгү сынып ооруканага жаткырылган. Февраль айында ага операция жасалган эле. Операциядан кийин да актёр ооруканада дарыланып жаткан. Жакындарынын билдиришинче актёр уктаган бойдон ойгонгон эмес.

Ал 1928-жылы театр актёрлорунун үй-бүлөсүндө туулган. 1944-жылдан баштап киного тартылып, дебют жасаган. Актёр 40тан ашуун тасмага тартылган. Ал режиссёр Владимир Меньшовдун "Москва көз жашка ишенбейт" тасмасында Гошанын ролун аткарганы менен белгилүү. Мындан сырткары "Турналар учуп баратат", "Нагыз англисче өлтүрүү", "Күчүгү бар айым" өңдүү тасмаларга тартылган.

Ошондой эле "Тумандагы кирпи", "Саякатчы бака", "Пингвин Лолонун укмуштуу окуялары", "Жыланды ким алдады?", "Түштөрдү жоруу" өңдүү көптөгөн мультфилимдерде үн коштогон.

Баталовго 1976-жылы СССРдин Эл артисти наамы берилген. Ошондой эле Социалисттик Эмгектин Баатыры (1989), СССРдин мамлекеттик сыйлыгынан лауреаты (1981), Ага-ини Васильевдер атындагы РСФСР мамлекеттик сыйлыгына (1966) татыктуу болгон. 2005-жылы Орусиянын мамлекеттик сыйлыгын алган. 2008-жылы Бугульмин мамлекеттик драма театрына Алексей Баталовдун ысымы берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
surgeon777
2017-06-15 16:51:10
Жаткан жери жайлуу болсун!
Жакшы актёр эле...
+1
Kroxa
2017-06-17 04:21:35
89 жакшы жаш.....Гошонын жашына жеткен да жетпеген да бар...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан