СУПЕРСТАН: "Күйөөм карегим менен тең айланат, бирок мен аны сүйбөйм"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Кыздар, күйөөӊөрдү сүйөсүӊөрбү?" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы автордун билдирүүсү: "Сүйлөшүп үйлөнгөнбүз. Жашаганыбызга 2 гана жыл болду. Башында эле сүйгөн эмесмин. Жактырган болсом да, сүйүү эмес. "Сүйүү никеден кийин башталат, сен сүйгөнгө эмес, сени сүйгөнгө бар" деген сөздөр таасир этип турмушка чыккам (мен акылсызмын). Анан "жакпаса кетип калам, балам болот" деген да ойдо элем. Балалуу болдук. Жаным эң таттуу сүйгүнчүк. Ал эми ажырашып кетиш мен ойлогондой оңой болбой калды. Ширин баламды алтындай болгон атасынын көз алдында өстүрбөй, андан ушул бакытты уурдап кетүү кыйын. Мейли кандай жолуктуруп, ага калтырып турбайын, мейли чоңойгондо атасына барышына каршы болбоюн. Бирок атасына баласынан артык эч ким жок. Ал менен калтыра албайм. Сүйүүсүнө ишенсем да, мен каалагандай багып, тарбияланышына ишене албайм. Атасы жөнүндө айтсам, ал элден өзгөчө жакшы. Эч жаман адаты жок, менин карегим менен тең айланат. Бизди эч нерседен кем кылбайт. Анын жашоосунун маңызы - биз. Бирок айткым келгени, ал менен ушунчалык зеригем. Экөөбүздүн оюбуз, ой жүгүртүү, кыялыбыз эки башка планетадан келген адамдардай, ал такыр кыялданбайт. Мен "каалоо" деген менен жашасам, ага "керек" деген сөз маанилүү. Мисалы, акча табыш керек, аялды багыш керек, жумушка барыш керек жана сүйүш керек. Сезим жок болсо да, баары программаланган техника сыяктуу. Ошол үчүн анын сүйөм деген сөзү да жүрөгүмө жетпейт. Анткени жүрөктөн чыкпай эле, сүйөм деп айтып коюш керек деп айтып жаткандай. Мурун үй-бүлөмдө күйөөм мени башкарса, бардыгыбыз анын айтканы менен болсок деп тилечү элем. Тилекке каршы, акыркы чечим менде. Кыздар, күйөөӊөрдү сүйөсүӊөрбү?

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Жолдошум өжөрлүккө салып эле үйлөнүп алган. "Жигитим бар, алыс жүр" десем, сүйүү никеден кийин башталат деп көгөрүп, ата-энесин ортого салып үйлөндү. Элестеткиле, турмушка чыкканча бир да жолу көргөн эмесмин. Ал коңшу айылдан болгондуктан мени көргөн экен. Кош бойлуу болгончо тамакты өзү жасап, көзүмдү карачу. Азыр "каякка барат элең?" деп көөп калган учуру. Жигитимди эстесем "сен аны сүйбөйт деле болчусуң, жөн эле эркелеп уруш чыгарып жатасың" деп кутулат. Турмушка чыгарда "тойду токтот, каалаган кызыңды таап берейин" деп телефондон жалынып ыйлаган болчумун. Азыр болсо "айдай чырайыңды иттей мүнөзүң бузат" дей берет. Менде жооп даяр да "мени албаңыз деп айтпадым беле" деп коём".

"Сүйлөшпөй эле үйлөнгөнбүз. Бир айылдан болгондуктан бири-бирибизди таанычубуз. Сүйүү никеден кийин деген сөзгө ишенем. Күйөөм жылуу мамилеси, бал тили, тамашакөйлүгү менен мени сүйдүрүп алды. Кудайым, ушул бактымдан айыра көрбө, карылыктын доорун бирге көрсөк деп тилейм".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
baisogur
2017-06-15 16:19:33
От болдум чок болдум шириним жаным аш болдум бир көргөндө тартып алган чырайыңа жакын жан болдуң суйуу деген бири бирин сылап тушунук менен жашаса болду анан бир нерсе жакпай калсале сүйүү деп тантырай бербей күйөм жакпайт катыным жакпайт дебей өзүңөрдү биринчи карап алгыла
+7
daniel87
2017-06-15 16:35:46
Бирок азда болсо сезим болуш керек !!!жакында мен да Бойдок статусун алганы калдым!мен менен бактылуу боло албаган келинчегиме акжол каалайм!бир ойлоп журогум ооруганы Алтыным балам ойлосом жер жарылбайт мен кирбейм!омурун берсе болгон тарбиясына жашоосуна колумдан келишинче аракет жасайм,Экинчи турмушуму кудайым бактылуулук берсин,бактылуу болгула
+3
jonne
2017-06-15 17:55:04
daniel87,брат сабыр кыл Жакшы кундор
Алдыда
+1
daniel87
2017-06-17 02:18:56
jonne,рахмат кудайым насип кылсын
0
tasnim
2017-06-15 17:19:22
Жакшы болуптур,кийин суйуп алам деп турмушка чыгып бир балалуу болгондон кийин ажырашам деп.Турмуш оюнчукбу?жегенге нан бар жашаганга уй бар кооп атасынар да.Корот элем бир будур ушака зар болгондо суйуу алыста эле калып кетет.Азыркы заманда шугур келтируу деген жоголду женил желпи болуп баратабыз
+6
Batma08
2017-06-15 18:15:28
Ээх менин жашоом башкача айтсам жомоктой кабыл аласынар...
+2
tynkatar03
2017-06-15 18:28:51
Обу жоктор тынч эле жашай берсенер.Быр-быр кызга дыр-дыр куйоо деп коет. Кудай баарына озуно тенин берет бул факт!
+4
Gulim_zamujem
2017-06-15 19:21:31
Жакшыбы жаманбы ХХХ Чалым бар болсун.
+4
Nevestkaa
2017-06-15 20:06:44
Сүйүүнү не кыласыңар тийдиңби алдыңбы жаша ортодо баланы ар кимге кор кылбай.Сүйбөсө да сени эч нерседен кем кылбайтабы наның бар кийимиң бар дениң сакпы болду да.Өлүп талып сүйүшүп деле эрдин токмогу мн жашап арак сасып же жарытылуу акча таппай же баласына норм ата боло албаган эрден кудай сактасын.Мисалы бизде сүйүү болбосо деле үч бала таптык байып кетпесек да эл катары кылдырап жүрөбүз.Ушунусуна шүгүр.Атакебиз жакшы адам болду ушул мага жетет.
+4
arzygulR
2017-06-16 15:37:54
Аз да болсо суйлошуп эле турмушка курган жакшыго
0
AykaMer
2017-06-16 17:23:28
Аккан суунун кадыры жок болбой жон эле жашай берчи. Кунуно ур-токмок жеп бирок балдарым учун жашайын ушул менен деп жаман болсо да эрине жармашып зар какшап ыйлаган кыз-келиндер канча. Обу жоктонбой суйуу-куйуу дебей эле ошол балан учун эринди сыйлап жашай бер нары шугур кылып. Болбогон эле нерсени проблема кылып жумурткадан кыр издеп актанбай...
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан