Төрөбай Зулпукаров: "Мыйзам тыюу салганы менен, казинолор дагы деле иштеп жатат"

Кыргызстанда казинолордун иштөөсүнө тыюу салынганы менен, бир катар казинолор дагы деле иштеп жатканын бүгүн, 16-майда ЖКнын жыйынында депутат Төрөбай Зулпукаров билдирди. Айтымында, бул казинолордун иштөөсүн токтотуш керек.  

Аткаруу бийлиги менен укук коргоо органдарынын сөзүн угушпаса эле биз да эч нерсе кылбай отура беребизби?” деди эл өкүлү. Ошондой эле Зулпукаров өкмөт кайра бул мыйзамды жокко чыгарууну карап жаткандыгын билдирди. "Себебин сурасак, "баары бир кээ бир казинолор иштеп жатыптыр" дешти. Анда киши өлтүрүү боюнча мыйзамды деле алып салбайлыбы, "баары бир кишилерди өлтүрүп жатат" деп”,- деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан