Бишкек шаарынын Ч.Айтматов жана Медеров көчөлөрүнүн кесилишине кайчылашкан эстакадалык көпүрөлөр курулат. Бул тууралуу SUPER.KG`ге Бишкек шаардык мэриясына караштуу Капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Нурлан Эшенбаев билдирди. Анын айтымында курулуш иштери 2018-жылдан 2020-жылга чейин жүргүзүлөт.
“Кытайдан 2016-жылы келген гранттын негизинде 3 бөлүктөн турган долбоор ишке ашып жатат. Учурда аталган долбоордун 1-бөлүгүндөгү иштер жүргүзүлүп, анын алкагында Бишкек шаарындагы 49 көчөдө оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. 2-бөлүгүндө борбор калаанын ичинде 60тан ашуун көчө оңдолот. Ал эми 3-бөлүктө болсо эстакадалык курулуштар түшөрү пландалган. Анда 4-эстакадалык курулуш курулат”, - дейт Эшенбаев.
Ал ошондой эле Чыңгыз Айтматов көчөсү борбордук көчөлөрдүн бири болгондуктан курулуш учурунда жабыларын, ошондуктан ага альтернатива катары учурда оңдолуп жаткан Токтоналиев көчөсү аркылуу унаалар жүрө баштай турганын кошумчалады.